02 сентябрь 2024

Кароолор: (21)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ ОЛИМПИАДАЛЫК РЕЗЕРВДИН РЕГИОНДУК МЕКТЕБИ ИШТЕП БАШТАДЫ

 Бүгүн, 2-сентябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Олимпиадалык резервдин мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышып, билим берүү кызматкерлерин жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы жана билим күнү менен куттуктады.

 Шаар мэри өлкөнүн түштүк аймагында алгачкы ирет ачылган Олимпиадалык резердин мектебинин ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, дүйнөнүн жана Олимпиаданын чемпиондору чыгышына тилектештигин билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Спорт департаменти боюнча министрдин орун басары Айбек Абдымомунов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, спорт мектептин эмгек жамааты, окуучулар катышты.

 Олимпиадалык резервдин регионалдык мектебинде 2 окуу корпусу, 2 жатаканасы жана спорт залдары бар. Мында спорттун олимпиадалык 7 түрү тагыраагы, бокс, дзюдо, жеңил атлетика, оор атлетика, грек-рим күрөшү, балдар, кыздар эркин күрөшү боюнча окуу-машыгуулар жүргүзүлөт.

 Аталган мектеп окуучуларды 8-класстан баштап окута баштайт. Быйыл Кыргызстандын бардык аймактарынан жалпы 100 окуучу кабыл алынды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз