26 май 2023
Кароолор: (52)
Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын терапия, сезимтал оорулар жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнө жаңы имарат курулуп жатат

Курулушка 300 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Облустук оорукананын жаңы корпусу 90 орунга ылайыкташып, ушул жылдын ноябрь айында курулуш иштери бүткөрүлөт.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын терапия, сезимтал оорулар жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнүн имараттары 1958-1960-жылдары курулган. Имараттардын эскилиги жеткендигине байланыштуу соңку жылдары бейтаптар менен дарыгерлерге түйшүк жаратып келген.
Эскертке кетсек, аталган оорукананын курулушу Жалал-Абад шаарына республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.