27 май 2024
Кароолор: (64)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ "АКЫРКЫ КОҢГУРОО" САЛТАНАТЫ БЕЛГИЛЕНДИ

25-майда Жалал-Абад шаарындагы бардык мектептерде "Акыркы коңгуроо" салтанаты болуп өттү. Алардын катарында №8 жалпы билим берүүчү орто мектеби да бар.
Аталган мектептеги майрамдык иш-чарага Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Айзат Раматиллаева катышып, бүтүрүүчүлөргө жана окуу жылын аяктап жаткан мектеп жамаатына ийгиликтерди каалады.
Эл өкүлү аталган мектепке жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн каражатка интерактивдүү доска жана 1 даана проекторду тапшырды.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык жана жеке менчик мектептерден жалпы 2947 окуучу 9-классты, ал эми 1006 окуучу 11-классты аяктап жатат. Алардын арасынан 5 бүтүрүүчү “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушту.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз