05 апрель 2023

Кароолор: (55)

Жалал-Абад шаарындагы М. Исакулов көчөсүнө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушуна жашоочулар нааразы

 Бүгүн, 4-апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш” боюнча комиссия мүчөлөрү У.Кожоева, З.Боронбаев, Ж.Маатжакыпов, К. Орозбаев, Н.Караева тиешелүү тармактын жетекчилери менен биргеликте М.Исакулов жана Дехканский көчөсүнүн жашоочуларынан келген арызды жеринде карашты.

Арызда көрсөтүлгөндөй, аталган көчөгө жеке ишкер 9 кабаттуу турак жайдын курулушун баштап, эч кандай коопсуздук эрежелерин сактаган эмес. Мындан сырткары, курулуп жаткан үй жанындагы үйлөрдөн бийик болуп, балдар ойноочу аянтча, унаа токтотуучу жайлары эске алынбаганын айтышып, жашоочуларга зыянын тийгизет деп кооптонушууда.

Жалал-Абад шаарынын башкы архитекторунун берген маалыматы боюнча аталган курулушка архитектуранын уруксаты берилбегендиги белгилүү болду.

Ал эми шаардык кеңештин депутаттары жергиликтүү бийликке көп кабаттуу үйдүн курулушун убактылуу токтотуп турууну, тегерегин тосмолоону жана элге ыңгайсыздык жараткан жагдайларды жоюу тапшырмасын беришти. Ошондой эле, бул маселени алдыда өтүүчү сессияга алып чыгууну убадалашты.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз