02 август 2023

Кароолор: (74)

Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар ойноочу аянтчалар курулду

 Жалал-Абад шаардык мэриясынын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдына 10 жайга заманбап, ыңгайлуу шарттары менен балдар ойноочу аянтчалар курулду. Ага жергиликтүү бюджеттен 7 млн. 297 миң сом акча каражаты жумшалды.

 Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик тарабынан жыл сайын эскилиги жеткен жана буга чейин балдар ойноочу аянтчалары жок болуп келген бир катар көп кабаттуу үйлөргө балдар үчүн заманбап аянтчалар курулуп келүүдө.