29 май 2023

Кароолор: (50)

Жалал-Абад шаарындагы К.Назаров көчөсүн реконструкциялоого жарыяланган тендер боюнча маалымат

 К.Назаров көчөсүнүн кеңдиги учурда 8метрди түзөт. Ал эми кеңейтүү иши жүргүзүлгөндөн кийин жолдун кеңдиги 19 метр болот. Тагыраагы, 6 катар унаа жүргөнгө шарт түзүлөт.

Мындан сырткары жолдун бир тарабына тротуар, экинчи тарабына веложолу менен тротуар курулат. Ошондой эле жарыктандыруу, темир-бетон арыктары, перспектив үчүн коммуникацияларды өткөрүүчү куурлар жаткырылат.

 Белгилей кетүүчү жагдай, жогорудагы курулуштардын барын ишке ашыруу үчүн керектелүүчү 31 млн. 28900 сом акча каражаты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборунун 2022-жылдын 5-декабрындагы №АГ-2пр буйругунун «индекстердин көлөмүнө өзгөртүү, толуктоолор» негизинде эсептик жана ченемдик базасына ылайык смета иштелип чыккан.

 Ал эми тендерге катышкандардын арасынан талапка жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган тарапка жолду реконструкциялоо жумушу берилет.

 Андыктан, аталган жолдун реконструкциясына жарыяланган тендерде "коррупция бар" дегенге эч кандай негиз жок!

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз