30 октябрь 2023
Кароолор: (65)
Жалал-Абад шаарындагы Кадыр Закиров атындагы №2 мектептин 100 жылдыгы белгиленди

28-октябрда Барпы театрында Кадыр Закиров атындагы №2 мектептин 100 жылдыгы белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, мектеп жамаатын куттуктап, Ардак грамоталарды тапшырды.
Гүлбарчын Таштанбекова өз сөзүндө кылым карыткан мектептен элге эмгеги сиңген инсандар чыкканын баса белгилеп, дагы да болсо мыкты окуучуларды тарбиялоодо талыкпай эмгектене беришине тилектеш экендигин билдирди.
Иш-чаранын алкагында мектеп үчүн марафон да уюштурулуп, келген коноктор тарабынан каражат жыйналды.
Белгилей кетсек, Кадыр Закиров атындагы №2 жалпы билим берүүчү орто мектеби 1922 - жылы негизделген. Учурда 2000 ден ашуун окуучуга 86 мугалим таалим-тарбия берип келүүдө.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз