13 июнь 2023
Кароолор: (57)
Жалал-Абад шаарындагы бассейндердин абалы текшерилди

12-июнда Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан шаарда ишмердигин жүргүзүп жаткан бассейндерге санитардык абалы, коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча рейд жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда “VEGAS” бассейнинин ээси санэпид борбордон уруксат кагазы жок иштетип жаткандыгы белгилүү болду. Бассейн ээсине кемчиликтерди жоюу боюнча жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле, келген эс алуучулардан сууга түшүү эрежелерин канчалык деңгээлде билүүсү тууралуу да сурамжылоо жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 6 жеке менчик бассейн өз ишмердигин жүргүзүп келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз