11 июнь 2024

Кароолор: (17)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ БАССЕЙНДЕР ТЕКШЕРИЛДИ

 10-июнда Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан шаарда ишмердигин жүргүзүп жаткан бассейндерге санитардык абалы, коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча рейд жүргүзүлдү.

Текшерүү учурунда “VEGAS” бассейнинин ээси санэпид борбордон уруксат кагазы жок иштетип жаткандыгы белгилүү болду. Бассейндин ээсине жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, белгиленген талаптарды аткаруу боюнча эскертүү берилди.

Ошондой эле, келген эс алуучулардан сууга түшүү эрежелерин канчалык деңгээлде билүүсү тууралуу сурамжылоо жүргүзүлүп, сууга түшүүгө кооптуу болгон жайларга эскертүү баракчалары илинди.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 6 жеке менчик бассейн өз ишмердигин жүргүзүп келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз