31 март 2023
Кароолор: (53)
Жалал-Абад шаарындагы Бабкин көчөсү кеңейтилет

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков аталаган көчөнү кыдырып, тийиштүү жетекчилерге жолду кеңейтүү учурунда буздурула турган имараттарды аныктоо, менчик ээлери менен сүйлөшүү, компенсация төлөп берүүгө кетүүчү каражаттарды эсептеп чыгуу тапшырмасын берди.
Алдыда аталган көчөнү кеңейтип, тротуар жана темир-бетон арык куруу пландалууда.
Ошондой эле, Чехов көчөсүндөгү унаалардын кыймылын азайтуу максатында Т.Байзаков көчөсүнүн Бабкин көчөсүнө чейинки аралыгын да кеңейтүү пландалып жатат. Бул багытта иш алып баруу боюнча да жеринде жетекчилерге тапшырмалар берилди.