15 март 2023
Кароолор: (50)
Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон 68 үй-бүлөгө ишкердик баштоо үчүн 100миң сомдон берилет

Бүгүн, 15-мартта Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында “Финансылык сабаттуулук” аталышында окутуу өткөрүлдү. Ага шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Назира Жакыпова, тиешелүү мекеме-ишканалардын адистери жана шаар тургундары катышты.
Алгач аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча адистер тарабынан жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча каражаттарын туура колдонуу, каржылык маселелерди түшүнүү боюнча маалыматтар айтылып, окутуу суроо-жооп менен улантылды.
Кыргызстанда социалдык келишимдин негнизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердик баштоосу үчүн 10 0000 миң сомдон гранттык акча каражаты берилип келүүдө. Быйыл аталган долбоордын алкагында Жалал-Абад шаарындагы жакыр жашаган 68 үй-бүлөгө 100миң сомдон берилмекчи.
Эске салсак, 2022-жылы Жалал-Абад шаарынан 50 үй-бүлө социалдык контракт долбооруна катышып, жеке ишкердигин баштаган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз