27 октябрь 2023

Кароолор: (157)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ АЮБ-ТОО ТООСУНДА ШААР КҮНҮНӨ КАРАТА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КӨТӨРҮЛДҮ

  26-октябрда, Жалал-Абад шаарынын 146 жылдыгына карата Аюб-Тоо тоосунда бийиктиги 50 метрди түзгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу көтөрүлдү. Салтанаттуу иш-чарага Президент Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана шаар тургундары катышты.

 Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө шаардыктарды майрамы менен куттуктап, Аюб-Тоонун боорунда көтөргөн бул туу ынтымакты бекем сактап, эч кандай ажырымга жол бербөөнүн чакырыгы болуусун белгиледи.

 Аюб-Тоого флагшток менен бирге "Жалал-Абад" стелласы курулган.

 Белгилей кетсек, бүгүн Жалал-Абад шаарынын 146 жылдык мааркеси белгиленип жатат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз