12 сентябрь 2023

Кароолор: (5)

Жалал-Абад шаарындагы 7704 аскер бөлүгү 31 жылдыгын белгиледи

 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, Ички аскерлердин ардагерлери, аталган аскер бөлүктүн кызматкерлери, жоокерлердин жакындары жана мектеп окуучулары катышты.

 Эрнисбек Ормоков аскер бөлүктүн 31 жылдык мааракеси менен куттуктап, мындагы аскер кызматкерлери коомдогу коопсуздукту сактоодо, табийгый кырсыктардан жабыр тарткандарга көмөк көрсөтүүдө, кылмыштуу топторду жок кылууда, массалык баш аламандыктарды токтотууда жана аябай кызмат көрсөтүп келээрин белгиледи.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз