28 ноябрь 2024
Кароолор: (19)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ №2 САРКЫНДЫ СУУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУЧУ ЖАЙЫ ЖАҢЫЛАНЫП ЖАТАТ
27-ноябрь күнү, аталган жайдагы курулуш иштери менен Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жеринде таанышты.
Эрнисбек Ормоков админстративдик аймактык реформанын алкагында шаардын аймагы чоңоюп, ошону менен бирге күн санап көп кабаттуу үйлөр, социалдык жана коммерциялык имараттар курулуп жаткандыгы эске алынып, №2 саркынды сууларды кабыл алуу жайы реаблитациялоодон өткөрүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле, тиешелүү жетекчилерге жана курулушту ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрүнө аталган жай эң маанилүү объектилердин бири экенин эске алуу менен курулуштун сапатына олуттуу көңүл буруу тапшырмасын берди.
Аталган жай Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан «Жалал-Абад шаарын суу менен камсыздоо жана саркынды суу системасын реабилитациялоо» долбоорунунун экинчи фазасынын алкагында толугу менен реаблитациялоодон өткөрүлүүдө.
Учурда аталган жай суткасына 12 миң м³ саркынды сууларды кабыл алып жатса, реаблитациялоодон кийин 20 миң м³ саркынды сууларды кабыл алууга мүмкүнчүлүк жаралат.
Белгилей кетсек, мында саркынды сууларды кабыл алуучу жайдан сырткары заманбап лаборатория да курулууда. Курулуш иштери 2025-жылдын жаз мезгилинде аягына чыгарылат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз