25 октябрь 2024

Кароолор: (106)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ №14 ИННОВАЦИЯЛЫК МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИНЕ ЖАҢЫ 4 КАБАТТУУ ОКУУ КОРПУСУ ЖАНА СПОРТ ЗАЛ, СПОРТ АЯНТЧАСЫ КУРУЛАТ

 Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган мектептин абалы менен таанышып, мектеп жамааты менен жолуккан учурда билдирди.

 Аталган мектепте учурда 2570 окуучу билим алат. Бирок, мектеп болгону 520 балага ылайыкташкан. Ал эми спорт залы, жыйындар залы жана ашканасы жок. Мындан сырткары, спорт аянтчасы дагы каралган эмес.

 Камчыбек Ташиев мугалимдер жамааты менен жеринде маселени көргөн соң, тийиштүү жетекчилерге, аталган мектептеги муктаждыктарды толугу менен жоюуну тапшырды. Ага ылайык, мектепке кошумча жаңы 4 кабаттуу окуу корпусу, спорт залы жана спорт аянтчасы курулат.

 Жогорудагы курулуштар УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылган 50 сотых жер тилкеге курулат. Ал жер аянты кезинде жеке тараптарга өтүп кеткен.

 Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, курулуш иштери жакынкы аралыкта башталып, келээрки жылдын аягына бүткөрүлөт.

 Камчыбек Ташиев бул билим уясына заманбап шарттарды тузүү тапшырмасы Президент Садыр Жапаровдун талабына ылайык жүргүзүлүп жатканын жана көзмөлдөө жагы Камчыбек Ташиев өзүнө жүктөлгөнүн белгиледи.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз