25 декабрь 2023
Кароолор: (72)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДАГЫ №10 ТҮЗӨТҮҮ МЕКЕМЕСИ БУЗДУРУЛУП ЖАТАТ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарындагы Жазаларды аткаруу кызматынын №10 түзөтүү мекемеси жана кайтаруу, күзөтүү департаментинин №5 батальону мекемесинин имараттарын бузуу иштери менен таанышты. Белгилүү болгондой Жалал-Абад шаарынын ичинде жайгашкан бул абак сыртка чыгарылып, анын ордуна административдик имараттар жана сквер курулат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз