23 апрель 2024
Кароолор: (179)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ-2024» КАРОО-СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

22-апрелде Жалал-Абад шаарында “Жылдын мыкты мугалими-2024” кароо-сынагынын шаардык этабы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Нуржамал Сыргабаева, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жана мугалимдер катышты.
Белгилей кетсек, быйыл "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын Жобосуна өзгөртүүлөр киргизилген, тагыраагы, буга чейин ар бир мектептен бирден гана мугалим мыкты мугалим сынагына катышкан болсо, бул жылы ар бир мектептен 17 предмет боюнча бирден мугалим сынакка катышып, ар бир предмет боюнча 1-2-3-даражадагы дипломдор тапшырылды. Ал эми сынакка активдүү катышкан мугалимдерге ар түрдүү номинациялар ыйгарылып, Ардак грамоталар жана белектер берилди.
Мындан сырткары, бул күнү мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ортосунда өткөрүлгөн "Жылдын мыкты тарбиячысы" кароо- сынагынын жеңүүчүлөрүнө да акчалай жана баалуу белектер тапшырылды.
“Жылдын мыкты мугалими-2024” кароо-сынагына ошондой эле "Алтын тамга жана алтын сертификатка ээ болгондорго жергиликтүү бюджеттен 1000000 сом акча каражаты бөлүнгөн.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз