18 ноябрь 2024

Кароолор: (160)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООГО КАТЫШКАН 3 ПАРТИЯ ТЕҢ 5%ДЫК БОСОГОДОН ӨТТҮ

 Партиялар төмөнкүдөй добушка ээ болду:

1. "Жаңы-Кыргызстан" партиясы 11 миң 752 ( 48,44%)

2. "Адилет" партиясы 9 миң 806 (40,01%)

3. "Эмгек" партиясы 2428 (10,01%)

4. Баарына каршы 273

 Жалал-Абад шаары боюнча жалпы 36 шайлоо участкасы, 1 аралыктан добуш берүү участкасы иштеди.

 Шаарда шайлоочулардын жалпы саны 89 791 болсо, анын 24 260 добуш берип, шайлоочулардын 28%ы шайлоого катышты.

 Шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуу учурлары катталган жок.

 Белгилей кетсек, административдик аймактык реформадан кийин Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутаттардын саны 31ден 41ге көбөйгөн.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз