25 сентябрь 2024

Кароолор: (52)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКА БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ЧЕМПИОНАТ БАШТАЛДЫ

20-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда спорттун жеңил атлетика түрү боюнча республикалык чемпионаттын ачылуу аземи өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Саматов, Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча федерациясынын президенти Канат Аманкулов, спортчулар жана спорт күйөрмандары катышты.

 Өспүрүмдөрдүн спортко тартылуусу ар кандай кылмыштуулуктун алдын алып, дени сак жашоого өбөлгө түзөөрүн баса белгилеген калаа башчысы, чемпионаттын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

 Белгилей кетсек, аталаган чемпионат 2 күнгө созулуп, анда Чүй, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Аад облустарынан жана Бишкек шаарынан келген 12 жаштан жогорку 168 спортчу күч сынашмакчы.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз