21 июнь 2023
Кароолор: (85)
Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчаларга мониторинг жүргүзүлдү

Бүгүн, 20-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринини орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен турган комиссиянын мүчөлөрү катышып, жеке менчик бала бакчалардагы балдардын коопсуздугу боюнча санитардык талаптардын сакталышын жана өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча мониторинг жүргүзүштү. Анын жыйынтыгы менен бир катар бала бакчалардын жетекчилерине кемчиликтерин жоюу боюнча тапшырмалар, сунуштар берилди.
Белгилей кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында 26 муниципалдык, 14 жеке менчик бала бакча бар.