28 апрель 2025
Кароолор: (82)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЖАЗ-ЖАРЫШ - 2025” МАРАФОНУ БОЛУП ӨТТҮ

27-апрель күнү, Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен “Келечек” жабык акционердик коому тарабынан “Жаз-жарыш - 2025” марафону болуп өттү.
Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, “Келечек” ЖАКнын өкүлдөрү катышып, катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.
Марафонго Жалал-Абад шаарынын тургундары, өлкөнүн бардык аймактарынан жана Казакстандан жалпы 300дөн ашуун жөө күлүк катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана демөөрчүлөр тарабынан белектер берилди.
Марфондун байге фонду 400 миң сомду түздү.
Иш-чаранын алкагында спорттун кол күрөш жана аркан тартыш түрлөрү боюнча да мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз