29 январь 2024

Кароолор: (57)

Жалал-Абад шаарында жарандык коргонуу кызматы жыл жыйынтыгын чыгарды

25-январда Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында Жарандык коргонуу кызматынын 2023- жылда аткарылган жумуштарынын жыйынтыгын чыгарган жыйын өттү. Ага шаар мэринин орун басары Жаныш Раимжанов, мэриянын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова, Жалал-Абад шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Каныбек Маматкулов жана шаардагы мекеме - ишканалардын жетекчилери катышты.

 Жыйында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана болтурбоо максатында шаар боюнча онго жакын иш-чаралар, эки машыгуу өткөрүлгөнү айтылды.

 Мындан сырткары, 2024-жылга карата иш- пландардын жүзөгө ашыруулусу белгиленди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз