16 март 2023

Кароолор: (59)

Жалал-Абад шаарында жарандык коргонуу боюнча машыгуу өттү

 Бүгүн, 16-мартта Жалал-Абад шаарында Жарандык коргонуу кызматынын өзгөчө кырдаал учурунда даярдыгы жана эл аралык уюмдардан келген гуманитардык жардамдарды кабыл алуу, сактоо жабыр тарткан аймактарга бөлүштүрүу иш-чараларын уюштуруу боюнча жыйын өттү. Ага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын Укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Шермамат Исаев, мэрдин 1-орун басары Кубанычбек Иманалиев, мэрдин орун басары Элдос Таев жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз