18 апрель 2025
Кароолор: (25)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛҮП ЖАТАТ

Бүгүн, 18-апрель күнү, таңкы саат 7:00дө Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын селдин алдын алуу боюнча машыгуусу болуп өттү. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Анда шаар башчысы Жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлеринин жана атайын техникалардын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын текшерди.
Эрнисбек Ормоков өзгөчө кырдаалдар учурунда элдин коопсуздугу башкы орунда экендигин белгилеп, мекемелердин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын сынга алды. Ошондой эле, мекеме-ишканаларга машыгууну эртең да улантуу боюнча тапшырма берди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз