13 февраль 2023

Кароолор: (221)

Жалал-Абад шаарында жарандардын көйгөйлөрүн аныктоо үчүн тийиштүү адистер үйлөрдү кыдырып жатат

Бүгүн, 13-февралда шаардын Курманбек аймактык башкармалыгында шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, мектептердин социалдык педагогдору, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери жана мэриянын кызматкерлери тарабынан пландалган үймө-үй кыдыруу иш-чарасы башталды. Үйлөрдү кыдыруунун негизги максаты үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана турмуштун оор кырдаалына кабылган балдарды, мектепке тартылбай калган өспүрүмдөрдү аныктоо, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок же ата-энеси миграцияда жүргөн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөнүндө маалымат чогултуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана кароосуз карыялардын жашоо-шартына анализ жүргүзүү болуп саналат.

Ошондой эле шаарга башка аймактардан келип, убактылуу жашап жаткан жарандарды аныктоо, шаардын тазалыгын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлөт.

 Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, үйлөрдү кыдыруу бир айга созулуп, шаардагы 5 аймактык башкармалыкта жүргүзүлөт.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 25565 кожолук бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз