20 декабрь 2022

Кароолор: (223)

Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык балаты жанды

Балатыны жандыруу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктору катышышты.

Калаа мэри Эрнисбек Ормоков шаар тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, жакшылыктарды, ийгиликтерди жана жаратмандыкты каалады.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, өнөр ээлери тарабынан жагымдуу ырлар тартууланды.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтына бийиктиги 27 метрди түзгөн балаты орнотулду.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз