29 март 2023
Кароолор: (60)
Жалал-Абад шаарында жаңы жол ачуу боюнча иш-аракет жүрүп жатат

Бүгүн, 29-март күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаар көчөлөрүн кыдырып, 2023-жылы курулуш жүрө турган объектилерди жеринде көрүп чыгуусун улантты. Анда тийиштүү жетекчилер менен Т.Байзаков көчөсү менен Б.Осмонов көчөсүн бириктирген жаңы жол ачуу маселесин талкуулап, документ иштерин бүткөрүү тапшырмасын берди.