29 июль 2024

Кароолор: (21)

Жалал-Абад шаарында жаңы сел канал курулууда

Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Топчубай Бегматов ( Электрон-7) көчөсүнө узундугу 800 метр, кеңдиги 80 сантиметрден 2 метрге чейин болгон сел канал курулууда.

Каналдын курулушуна керектелүүчү курулуш каражаттарына жергиликтүү бюджеттен 1 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми курулуш иштерин жергиликтүү жашоочулар өздөрү жасап жатат. Сел каналдын курулушунда иштеген жашоочуларга Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында, Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен “жумуш ордуна азык-түлүк” жардамдарын берүү боюнча долбоору аркылуу ар бир жаранга 6 мүшөк ун, 30 литрден май берилмекчи. Учурда аталган сел каналдын курулушунда 30 адам бир нече топко бөлүнүп, кезек менен иш алып барууда.

 Эске салсак, 2024-жылдын апрель айындагы катуу жааган жаандын кесепетинен аталган көчөдөгү үйлөрдүн короосун сел кирген. Мындан улам жергиликтүү бийлик селдин алдын алуу чарасы катары сел канал курууну колго алып, ал жергиликтүү жашоочулар менен биргеликте ишке ашырылууда.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз