11 октябрь 2023
Кароолор: (78)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫ ПАРКТЫН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Орусиянын достугун чыңдаган сейил бак пайда болот. Бүгүн, 11-октябрда аталган парктын курулушуна капсула салынып, көчөттөр отургузулду.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук баштаган делегация курамы, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Аталган парк Орусиянын каржылык колдоосу менен Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан курулат. Фонддун төрагасы Артем Новиков эки өлкөнүн достук сейил багынын долбоору менен тааныштырды. Анын айтымында бул паркка коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол отениси, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле спорттук кластер (баскетбол, кичи-футбол) аянтчалары курулат.
Парктын аянты 7 гектарды түзүп, ага 2 млн. доллар инвестиция тартылууда. Курулуш иштерин 2024-жылы бүткөрүү пландалган.
Учурда Жалал-Абад шаарында 3 парк бар.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз