20 апрель 2024

Кароолор: (85)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИК УЮШТУРУЛДУ

 Ишембиликке Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал- Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков баштаган миңден ашуун облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Алар Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтынан "Курманбек" фольклордук талаасына чыгып, аталган жайдан сырткары "Жалал-Абад" стелласынын айланасын, курорт аймагын толугу менен таштандыдан арылтышты.

 Ишембиликте 90 куб таштанды жыйналып, "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинин 15 техникасы таштандыларды ташууга тартылды.

 Белгилей кетсек, КР Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдагы "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту менен апрель айынын үчүнчү ишембиси "Улуттук тазалык күнү" деп белгиленген. Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругуна ылайык, 1-марттан 1-июнга чейин көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланып, жума сайын ишембилик өткөрүлүп келүүдө.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз