25 июнь 2025

Кароолор: (30)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ” АТАЛЫШЫНДАГЫ КАРОО-СЫНАК БОЛУП ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ” АТАЛЫШЫНДАГЫ КАРОО-СЫНАК БОЛУП ӨТТҮ

 Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагынын алкагында "Үлгү
лүү үй-бүлө" кароо-сынагы өткөрүлүп жатат. Сынактын жүрүшүндө “Курманбек” жана Ч.Айтматов атындагы муниципалдык аймактык башкарууларынын жашоочулары өз өнөрлөрүн тартуулашты.

 Иш-чарага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, мэриянын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.

 Иш-чарынын максаты - улуттук нарк, инсандын руханий адеп-ахлагын өнүктүрүү, үй-бүлө институтун чыңдоо, жаштарга туура багыт берүү жана коомдо жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу, ошондой эле үлгүлүү жубайлык жана ата-энелик мамилелердин жакшы мисалдарын жайылтуу болуп саналат.

 Белгилей кетсек, алдыда мындай кароо – сынак шаардагы башка аймактык башкаруулардын жана башкармалыктардын арасында улантылат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз