30 апрель 2025

Кароолор: (31)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ТУРАК ЖАЙЫ КҮЙГӨН ҮЧ ҮЙ-БҮЛӨГӨ МАМЛЕКЕТТИК КАМСЫЗДАНДЫРУУ УЮМУ ТАРАБЫНАН АКЧА КАРАЖАТЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

 Бүгүн, 30-апрель күнү, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абад филиалынын директору Марат Кудайбергенов шаардын Т.Тайгараев аймактык башкармалыгындагы турак жайы өрттөнгөн үч үй-бүлөлөргө акча каражатын тапшырышты.

 Шаар мэри сертификаттарды тапшырып жатып бул каражат өрттөнгөн турак жайларды кайрадан калыбына келтирүүдө көмөк болоорун белгиледи. Ошондой эле, шаар тургундарын турак жайларын камсыздандырууга чакырды.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу турак жайын камсыздандыргандардын саны 14,16 пайызга жогорулаган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз