22 август 2025
Кароолор: (20)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ТҮНКҮ ӨСПҮРҮМ” АТАЛЫШЫНДА РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

Рейдге Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө түнкү мезгилде ата-энесинин же жашы жеткен камкорчусунун коштоосу жок көчөдө, оюн-зоок жайларда, кафелерде жүргөн жашы жете элек 54 өспүрүм аныкталды. Алардын ата-энелерине жана камкорчуларына 22 протокол түзүлүп, эскертүүлөр берилди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз