12 февраль 2025

Кароолор: (95)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ТҮНКҮ ӨСПҮРҮМ” АТАЛЫШЫНДА РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

 Рейдге Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

 Рейддин жүрүшүндө түнкү мезгилде ата-энесинин же жашы жеткен камкорчусунун коштоосу жок көчөдө, оюн-зоок жайларында, кафелерде жүргөн 60тан ашуун жашы жете элек өспүрүм аныкталып, шаардык ички иштер бөлүмүнө алып жеткирилди. Алардын жакындары чакыртылып, түшүндүрү иштери жүргүзүлдү жана 28 өспүрүмдүн ата-энесине протокол түзүлүп, айып пул салынды.

 Аталган рейддин максаты - өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз