09 июнь 2023
Кароолор: (60)
Жалал-Абад шаарында тротуарларга чыгып алган чачкынды соода жайлары алынууда

Бүгүн, 9-июнда Жалал-Абад шаардык мэриясынын Керек-жарак рыногу жана кызмат кызмат көрсөтүү департаменти тарабынан шаардагы борбордук базардын айланасындагы тротуарлар чачкынды соода жайларынан тазаланды. Аларга адистер тарабынан жөө адамдарга тоскоолдук жаратпоо максатында базардын ичинде гана соода-сатык жүргүзүү керектиги эскертилип, товарлары тротуардан алып салынды.
Белгилей кетсек, Керек-жарак рыногу жана кызмат кызмат көрсөтүү департаменти тарабынан буга чейин соодагерлерге бир канча жолу эскертүү берилген.
Мындай иш-аракет күн сайын улантылат.