31 октябрь 2024

Кароолор: (62)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ТРОТУАРЛАРДАГЫ ЧАЧКЫНДЫ СООДА ЖАЙЛАРЫ АЛЫНУУДА

 30-октябрда Жалал-Абад шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын Соода жүгүртүү бөлүмү тарабынан шаардагы борбордук базардын айланасындагы тротуарлар чачкынды соода жайларынан тазаланды. Аларга адистер тарабынан жөө адамдарга тоскоолдук жаратпоо максатында базардын ичинде гана соода-сатык жүргүзүү керектиги эскертилди.

 Белгилей кетсек, аталган бөлүм тарабынан буга чейин соодагерлерге бир канча жолу эскертүү берилген. Алдыда мындай иш-аракет күн сайын улантылат.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз