12 июнь 2023

Кароолор: (62)

Жалал-Абад шаарында тез татым жайларына рейд жүргүзүлдү

  9-июнда Жалал-Абад шаарынын аймагында жайкы мезгилде массалык уулануулардын алдын алуу максатында коомдук тамактануучу жайлар, тез татым жайлары, чачкынды соода жайларында сатылып жаткан тамак-аштар текшерүүгө алынды.

Рейдге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.

 Текшерүүнүнүн жүрүшүндө шаардагы бир катар тез татым жайларында санитардык эрежелер толук сакталбагандыгы,

кызматкерлердин санитардык китепчелери жоктугу жана азык-түлүктөрдүн сактоо эрежелери талапка жооп бербегендиги аныкталды.

 Мындай текшерүүлөр алдыда улантылат.

 Учурда Жалал-Абад шаарында 35 тез татым жайы бар.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз