11 ноябрь 2024
Кароолор: (175)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басарлары Уларбек Исмаилов, Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, облустагы жана шаардагы мекеме–ишканалардын жетекчилери, мугалимдер жана шаар тургундары катышты.
"Тарыхый инсандарды эскерүү менен биз кийинки урпактарга ата-бабалардын жаркын элесин, алардын эрдиктерин мурас катары калтырууну инсандык парзыбыз деп билебиз”, - деп белгиледи мэрдин орун басары Уларбек Исмаилов.
Иш-чарада көзү өткөн коомдук жана саясий ишмерлерге, илимпоздорго жана акын-жазуучуларга арналып куран окулду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз