26 апрель 2023
Кароолор: (59)
Жалал-Абад шаарында талапка жооп бербеген машыгуу жайлары жабылды

Жалал-Абад шаарындагы спорттук машыгуу жайларынын жана спорт мектептеринин ишмердүүлүгү жана санитардык абалын текшерүү максатында атайын түзүлгөн комиссия тарабынан рейд өткөрүлдү. Текшерүүгө Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басар Гулбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин депутаты Арапбай Абдыкаев, мэриянын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, шаардык ички иштер бөлүмүнүн адистери катышты.
Рейд учурунда 10дон ашуун спорт мектептери, машыгуу жайлары текшерилип, машыктыруучулардын адистигин тастыктаган дипломдору, санитардык талаптардын сакталышына көңүл бурулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен санитардык талаптар сакталбаган жана диплому жок машыктыруучулар иштеп жаткан 2 спорттук машыгуучу жай жабылды. Ошондой эле айрым машыгуу жайларына балдар үчүн шарт жаратуу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.
Белгилей кетсек, мындай текшерүүлөр алдыда байма-бай уюштурулат.