18 ноябрь 2024

Кароолор: (159)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА СТУДЕНТТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата Барпы атындагы облустук кыргыз драма театрынын алдында майрамдык иш-чара уюштурулду. Аталган майрамдык кече Жала-Абад шаарынын мэриясы, шаардык мадият сарайы, "Интербилим" коомдук уюму тарабынан уюштурулган.

 Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, студенттерди жана жаштарды майрамы менен куттуктап, жаштар - өлкөнүн эртеңки келечеги экендигин белгиледи.

 Майрамдык кече белгилүү эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концерт жана кызыктуу оюн-зооктор менен коштолуп, белектер берилди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз