16 июнь 2023

Кароолор: (102)

Жалал-Абад шаарында “Селсаяк, тилемчи” аталышындагы рейд уланууда

Шаарда 13-июндан башталган "Селсаяк, тилемчи” аталышындагы рейд уланууда. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

Рейддин алкагында шаар көчөлөрүндө, базарларда тилемчилик кылгандардардын жашаган үйлөрү текшерилип, эки лөлү тектүү жаран туруктуу жашаган аймагына кайтарылды.

 Эскерте кетсек, кайырчылардын басымдуу бөлүгү Сузак районунан жана Ош облусунан келгендер. Буга чейинки рейдде 30дай лөлү тектүү жаран Ош облусунун аймагына шаардык мэрия тарабынан жеткирилген болчу.

 Алдыда шаардык мэрия тарабынан селсаяктарга, тилемчилерге түнкү жана күндүзгү рейддерди өткөрүү улантылат.