12 февраль 2025
Кароолор: (94)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “СЕЛСАЯК, ТИЛЕМЧИ” АТАЛЫШЫНДАГЫ РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

Ага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.
Рейддин алкагында көчөлөрдө, базарларда, жер астынан жана жер үстүнөн өтүүчү өтмөктөрдө, светофорлордун айланасында тилемчилик кылган лөлү тектүү жарандар кармалып, жашаган үйлөрү текшерилди.
Рейддин жыйынтыгында 25 лөлү тектүү жаран кармалды. Алардын 12си жашы жете элек өспүрүмдөр.
Кармалгандарга адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор тузүлүп, айып пул салынды.
Кайырчылардын басымдуу бөлүгү Сузак районунан жана Ош облусунан келгендер. Алардын өздүгү такталып, Ош облусунун аймагынан келгендер жашаган жерине жөнөтүлдү.
Экерте кетсек, алдыда селсаяктарга, тилемчилерге түнкү жана күндүзгү рейддерди өткөрүү улантылмакчы.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз