14 июнь 2023
Кароолор: (57)
Жалал-Абад шаарында “Селсаяк, тилемчи” аталышындагы рейд өткөрүлдү

Аталган рейд 13-июндан 14-июнга караган түнү жана бүгүн, 14-июнь күнү жүргүзүлдү. Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, аймактык башкармалыктардын башчылары, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Рейддин алкагында шаар көчөлөрүндө, базарларда, жер астынан жана үстүнөн өткөн өтмөктөрдө лөлүлөр жашаган үйлөр текшерилди.
Натыйжада жер асты өтмөгүндө кайырчылык менен алек болгон үч улгайган карыяга, арабада олтурган ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мэрия тарабынан мамлекеттин камкордугу тууралуу түшүндүрүлүп, үйлөрүнө кайтарылды.
Андан сырткары, 13-июнь күнү түнкү саат 22:00дө лөлү тектүү жарандар жашаган жер үйлөргө да рейд уюштурулуп, жыйынтыгында 30 адам Ош обулусуна, Жалал-Абад шаардык шаардык мэриясына караштуу жүгүнчүлөрдү ташуу агенттигинин унаалары менен жеткирилди.
Эскерте кетсек, кайырчылардын басымдуу бөлүгү Сузак районунан жана Ош облусунан келгендер.
Алдыда шаардык мэрия тарабынан селсаяктарга, тилемчилерге түнкү жана күндүзгү рейддерди өткөрүү улантылат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз