13 март 2025
Кароолор: (17)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА СЕЛ КАНАЛДАР ТАЗАЛАНЫП ЖАТАТ

Селдин алдын алуу максатында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан сел каналдарды тазалоо жумуштары жүргүзүлүп жатат. Каналдардын басымдуу бөлүгү экскаватор менен тазаланууда. Ал эми техника кире албаган жерлерин аталган мекеменин жумушчулары кол менен тазалап жатат.
Жалал-Абад шаарында жалпы 30 чакырымдай сел канал бар.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз