07 май 2025

Кароолор: (15)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА РЕСПУБЛИКАЛЫК МЕКТЕП ЛИГАСЫ БАШТАЛДЫ

 Жалал-Абад шаарындагы олимпиадалык резервдин региондук мектебинде республикалык Мектеп лигасы башталды. Иш-чаранын ачылуу аземине Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт

мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев жана Мектеп лига

федерациясынын президенти Урмат Асанбаев катышты.

 Эрнисбек Ормоков жаштардын спорт менен ынак болуусу - алардын терс жолдордон алыс болушуна жана ынтымакты, достукту бекемдөөгө өбөлгө түзө тургандыгын белгилеп, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында башталган Мектеп лигасына өлкө аймактарынан келген 300дөн ашуун окуучу катышат. Алар спорттун футбол, баскетбол жана волейбол түрлөрү боюнча күч сынашат. Оюндардын жалпы байге фонду 8 млн 500 миң сомду түзөт.

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз