05 декабрь 2024

Кароолор: (196)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ӨЗГӨЧӨ ЖЕТКИНЧЕКТЕР ҮЧҮН БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

 “Альфа кидс” деп аталган инклюзивдүү нейрокоррекциялык бала бакчанын ишмердүүлүгү менен Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жеринде таанышты.

 Аталаган бала бакчада ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланат. Бул жердин тарбиялануучулары комплекстүү нейрокоррекциялык ыкмаларды, аба терапиясын, арт-терапиясын, логопед-дефектологдун жардамын алып, сенсордук машыгуулардан өткөрүлүп турат.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакча алгачкы ирет ачылды.

 “Альфа кидс” бала бакчасы шаардагы үй тибиндеги жеке менчик бала бакчалардын бири.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз