28 июль 2023
Кароолор: (77)
Жалал-Абад шаарында Ооган согушунун катышуучулары көзү өткөн замандаштарын эскерип, салтка айланган спорттук иш-чарасын өткөрүүдө

27-июлда Ооган согушунун катышуучусу, Советтер Союзунун баатыры Юрий Исламов, буга чейин Ооганчылардын республикалык кеңешинин төрагалары болуп эмгектенген Нурлан Төрөбеков жана Тыныбек Кадыровду эскеришти.
Эскерүү иш-чарасына Президенттин Жалал-Абад облсунудагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин лидери Кожобек Рысбаев жана ардагерлер катышты.
Иш-чаранын алкагында “Жеңиш” эс алуу паркындагы Ооган согушунда курман болгон баатырлардын эстелигине гүл коюлуп, куран окулду.
Андан соң, “Газпрпом” ден-соолукту чыңдоо борборунда Ооган согушунун ардагерлери арасындагы волейбол боюнча 4-эл аралык турнирдин ачылуу аземи болуп өттү. Турнирге өлкөнүн бардык облустарынан жана Өзбекстандын Андижан, Наманган облустарынан келген жалпы 11 команда катышууда.
Ачылуу аземде сөз сүйлөгөн шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова көзү өткөндөрдү эстеп, алардын эмгегин баалап туруу чоң эрдик экендигин баса белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, Ооган согушунда курман болгондордун элесине арналган спорттук иш-чара Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүп келет.
Спорттук иш-чара 28-июлда жыйынтыкталат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз