09 май 2023

Кароолор: (49)

Жалал-Абад шаарында “Өчпөс от” жандырылды

  6-майда “Элдик фронт” коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, теле алып баруучу Юлия Барановская жана теле алып баруучу, блогер Екатерина Шугаева Москвадагы “Белгисиз жоокердин” эстелигиндеги өчпөс оттун бир бөлүгүн Жалал-Абад шаарына алып келди. Конокторду Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

 Андан соң “Жеңиш” эс алуу паркындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде Өчпөс отту жагуу иш-чарасы болуп өттү. Өчпөс отту концлагердин уткуну Валентина Симоненко күйгүздү.

Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Ооган согушунун жана Баткен окуясынын ардагерлери, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

 Гүлбарчын Таштанбекова Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун Улуу Жеңиш майрамына карата куттуктоосун жолдоп, келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

 Эске салсак, жыл сайын Улуу Жеңиш майрамын утурлай Жалал-Абад шаарына Москвадагы “Белгисиз жоокердин” эстелигиндеги өчпөс оттун бир бөлүгүн алып келүү жана “Жеңиш” эс алуу паркындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексиндеги Өчпөс отту жагуу иш-чарасы өткөрүлөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз