21 март 2023

Кароолор: (78)

Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

 

    Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында "Санжыралуу Ноорузум" аталышындагы майрамдык иш-чара өттү. Ага Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев,  Президенттин Жалал-Абал облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев,  калаа башчысы Эрнисбек Ормоков,  Жогору Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктору  катышты.

 Шаар мэри Эрнисбек Ормоков: "Кыштан эсен-аман чыгып, элибиз эгин айдап, ар бир инсан ушул жылы аткаруучу иштерин пландап, жакшы тилек, илгери үмүт менен жаз мезгилинде турабыз.

Жараткан Алахым элибизге ынтымак, ден соолук, бейпил жашоо, мол ырыскы берсин!"-деген каалоо-тилек менен элди Нооруз майрамы менен куттуктады.

  Майрамдык иш-чара жарманке, спорттук оюндар жана концерттик программа менен коштолду.

  Белгилей кетсек, Нооруз майрамына арналган иш-чаранын экинчи бөлүгү бүгүн, саат 14:30да "Курманбек" стадионунда уланат. Анда Жалал-Абаддын "Мурас Юнайтед" менен Кочкор-Атанын "Нефтчи" футболдук клубдары достук беттешин өткөрөт. Иш-чара концерттик программа жана дискотека менен коштолот.

 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз