22 март 2025
Кароолор: (141)
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА НООРУЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ 2025

21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди.
Майрмадык иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундыгы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков, шаар тургундары жана коноктор катышты.
Эрнисбек Ормоков шаар тургундарын жана конокторун Нооруз майрамы менен куттуктады: "Улустун улуу күнү аталган бул майрам баарыбызды жаратмандыкка жетелеп, элибизди ынтымакка, биримдикке чакырган жалпы элдик майрам.
Ошону менен бирге Нооруз майрамы элибиздин бай маданияты менен нарк-насилинин тээ тереңден келгендигин туюндуруп, биздин канчалык улуу эл экендигибизди айгинелеп турат.
Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс салтыбызды дагы да байытып, кийинки урпактарыбызга жеткирүү биздин милдетибиз".
Иш-чара концерттик программа, сахналаштырылган көрүнүш, жарманке, сүрөт көргөзмөсү жана спорттук оюндар менен коштолду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз